Курманбек Салиевич Бакиев
1949-жылы 1-августта Жалалабат облусунун Сузак районундагы Масадан айылында туулган.
1978-жылы ЭЭЧМ адистиги боюнча Куйбышев Политехникалык институтун бүтүргөн.
1977-жылдан тартып эле эмгек жолун Куйбышев ш. Масленников атындагы заводдун МЭЧБде V-разряддагы электромеханик, инженер-электрик болуп иштеп баштаган.
1979-жылдан баштап – ага инженер-математик, Жалалабат ш. «ШР» заводунда МЭЧБдин башчысы.
1985-1990 жылдары – Көк-Жаңгак ш. СССР Электр өнөр-жай министрлигинин «Профиль» заводунун жетекчиси.
1990-жылы ССКПнын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи секретарынын, Көк-Жаңгак ш. Эл депутаттарынын шаардык Кеңешинин төрагасынын кызматына ээ болот.
1991-1992-жылдары – Эл депутаттарынын Жалалабат облустук Кеңешинин төрагасынын орун басары.
1992-1994 жылдары Жалалабат облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациялык ишин жетектейт.
1995-1997-жылдары – Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
1997-2000 жылдары – Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2000-жылдын декабрь айынан тартып 2002-жылдын май айына чейин - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
2002-жылы октябрда №15-Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланат.
2003-жылы февраль айында депутаттардын «Кыргызстан региондору» тобунун курамына кирген.
2004-жылы «Кыргызстандын Эл кыймылы» Саясий күчтөр Бирикмесинин Борбордук Кеңешинин төрагасынын кызматын ээлеген.
2005-жылы 10-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев 88,65 % добушка ээ болгон. Кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет.
Үйлөнгөн. Жубайы – Татьяна Васильевна Бакиева. Бакиевдер үй-бүлөсүнүн эки баласы бар – Марат жана Максим.

